Урматтуу Кыргызстандыктар. 29 декабрь 2021 жылдан баштап (ФЗ № 274 от 01.07.2021) ар бир чет эл жараны медициналык отуш (13 жаштан жогору) жана (ФЗ № 128, ст. 5. ) манжасынын изин (дактилоскопия) тапшырыш керек, 6-ты жаштан жогору. Медициналык текшерүүгө – баңги каражаттарын же психотроптук заттарды врачтын рецептисиз колдонуу фактысынын бар же жок экендигин текшерүүнү, жугуштуу ооруларды, анын ичинде адамдын иммундук жетишсиздигинин вирусу (ВИЧ инфекциясы) менен шартталган ооруларды аныктоо кирет. Ошондой эле фтизиатр, дерматовенеролог, инфекционист, терапевт, психиатр-нарколог дарыгерлеринен текшеруудон жана рентгентен да отуу керек.
Эгерде медициналык текшеруудон (БИР ЖЫЛДА БИР ЖОЛУ) отпой калсанар Орусия мамлекетинен чыгып кетууго туура келет. Манжасынын изин (дактилоскопия) тапшыруудан төмөнкү чет эл адамдары бошотулат:
- 6-ты жашка чейинкилер;
- мурда Орусияда жургондо манжа изин каттоодон жана сүрөткө тартуудан өткөн адамдар; (Эгер базада болсо же далилдеген кагаздарынар болсо);
Кай жерден, кантип отуу керек экенин, барган жеринерде жергиликтуу миграция кызматына же диаспора окулдоруно кайрылып тактап алыныздар.
Медосмотр отконго томонку документтер керек: чек арадан откон паспорт (орусча переводу менен), миграционная карта, регистрация.